Радио

Болотбеков: киберспортко кыздар көп кызыга баштады

Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков киберспортту мамлекет да колдоого алып, өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын айтты.
Sputnik
Акыркы учурда киберспортко кызыккан кыздардын саны өсүп, командалар түптөлө баштады. Бул тууралуу Тариэл Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакын арада виртуалдык спорт түрлөрү көбөйүп, маанилүүлүгү артат.
"2017-жылы 21-апрелде Компьютердик спорт федерациясы негизделген. Бирок бул кыймыл 2014-жылы эле башталган. Албетте, көп кыйынчылыктар болду. Маалыматтык технологиялар заманында киберспорт орчундуу орунду ээлейт. Андыктан биз да мындан четте калбай күчтүү спортчуларды чыгарганга үлгүрдүк. Акыркы учурда киберспортко кызыккан кыздардын саны өсүп, командалар түптөлө баштады. Мындай тенденция коңшу өлкөлөрдө да байкалып, акырындык менен атаандаштык күчөй баштады. Кайсы гана тармак болбосун мамлекеттин колдоосу жок өнүгүү кыйын болору белгилүү. Федерация Дене тарбия жана спорт департаменти менен тыгыз иштешип, кызматташып келебиз", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис кыргызстандык киберспортчулар Кытайда өтө турчу Азия оюндарына жана Румыниядагы дүйнө чемпионатына кызуу даярдык көрүп жатканын кошумчалады.