Июнь окуясында Сузакта подполковникти өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

УКМК 2010-жылдагы июнь коогалаңында өзгөчө оор кылмыш жасагандарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 13 жыл мурдагы июнь окуясында Сузак районунда (Жалал-Абад) милициянын подполковнигин өлтүргөн деген шек менен аталган райондун эки тургуну бир нече күн мурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Алардын бири И.Ш.А. 39, экинчиси Ж.А.Э. 46 жашта, экөө тең Кыргызстандын жарандары экени маалым болду.
"Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусундагы массалык башаламандыкка активдүү катышканы, Кыргызстан ИИМинин подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө аралашканы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылдагы тергөө учурунда алардын ким экени аныкталбай калган", — деп айтылат маалыматта.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган экөө УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.
"Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет", — деп билдирген комитеттен.
Радио
Мамбетов: июнь окуясында каза болгон 20 кишинин өздүгү дале тактала элек