Пресс-борбор

Ооруп жатканын адам билбей калат. Министрлик гепатиттин кооптуулугу тууралуу

Вирустук дарт үч айдан алты айга чейин эч кандай белги бербеши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Гепатит деген эмне жана кандай кооптуулугу бар экенин Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Анара Мамбетисаева айтып берди.
Заведующая отделом общественного здравоохранения Министерства здравоохранения КР Анара Мамбетисаева
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде сүйлөп, адам гепатитке чалдыкканын билбей да калышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Гепатиттин В жана С түрлөрү үч айдан алты айга чейин эч кандай белги бербеши ыктымал. Бул вирустан жана адамдын иммунитетинен көз каранды. Эгер организмге вирус көп кирсе 40 күндөн кийин эле өзгөрүү болгонун байкоого болот. Гепатиттин белгилери — дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, саргайып кетүү жана денеге бүдүрчөлөрдүн чыгып кетиши", — деди Мамбетисаева.
Адис гепатит боордун циррозуна кептеши мүмкүн экенин, анда орган бара-бара өз функциясын аткара албай каларын кошумчалады. Гепатит белгилери башка дартка окшошо бергени менен да кооптуу. Мындан улам адам тез-тезден текшерилип турушу керектиги айтылды.
Баланын талмага кабылганын алгач ата-эне байкабайт. Эпилептологдун видеомаеги