Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкидеги "Периштелер аллеясы". Видео

Донецкиде жергиликтүү эл жыл сайын, 1-июнь күнү, "Периштелер аллеясына" гүл алып келип, бейкүнөө учуп кеткен бөбөктөрдү эскеришет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн снаряддары Донбасста жүздөн ашык баланын өмүрүн алып кетти. Бул Россиянын Донбасстын жашоочуларын коргогон атайын операциянын башталышына жана Батыш "кан төгүп жатат" деп айта баштаганга чейин болгон.
Донецк Элдик Республикасында жыл сайын, 1-июнь күнү, "Периштелер аллеясына" жергиликтүү эл гүл алып келип, бейкүнөө учуп кеткен бөбөктөрдү эскеришет.
ДЭР акыйкатчысынын сайтында былтыр Киев бийлигинин агрессиясынан аталган республикада 116 бала көз жумганы жазылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасста каза болгон балдар. Москвада АКШ элчилигинин имаратында видео көрсөтүлдү