Депутат Темирбаева парламентте тил маселесин көп көтөрө бербөөгө чакырды

Эл өкүлү андан көрө көп тилдүүлүккө багыт алыш керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева парламентте тил маселесин көп көтөрө бербөөгө чакырды.
Бүгүнкү жыйында Россия Кыргызстанга куруп бере турган 9 мектеп боюнча келишимди ратификациялоо каралды. Анда кээ бир депутаттар балдар кайсы тилде окутуларын, билим берүү стандарты кандай болорун сураган.
Темирбаева билим берүү тармагына чоң салым жасалып жатканын белгилеп, андыктан мындай долбоор каралып жатканда тил маселесин көтөрүүнүн кажети жоктугун айтты. Аны менен катар президент Москвага болгон иш сапарынын алкагында кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшүү керектигин билдиргенин эске салды.
"Мамлекет башчы "орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили, анын макамы Конституцияда белгиленген" деп так, даана айтып өттү. Ошондуктан ушул долбоордун алкагында эч кандай тил маселесин козгоонун кереги жок. Кыргызстанда кыргыз тили боюнча көйгөй жок. Себеби региондордо баары кыргыз тилинде сүйлөйт да, эч ким орусча сүйлөбөйт. Ошондуктан парламентте тил маселесин улам көтөрө берүүнүн зарылчылыгы жок деп ойлойм", — деди Темирбаева.
Эл өкүлү андан көрө көп тилдүүлүккө багыт алыш керек деп эсептейт.
"Канча тил билсек, ошончо кишибиз. Бүгүнкү күндө көп тил билүү учурдун талабы. Ошондой эле жаратмандыкка багыт алалы деп чакырат элем. Андан сырткары, бир канча мекендештер Россияда эмгектенип келе жатышат. Алсак, 2022-жылы ошолордун жардамы менен Кыргызстанга 2 миллиард доллардан ашык каражат келиптир. Муну да эске алып коюу зарыл деп ойлойм", — деди депутат.
Белгилей кетсек, парламент бүгүн Россия Кыргызстандын жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларына куруп бере турган тогуз мектеп боюнча келишимди үч окуудан колдоп берди.
Кыргыз тилин өнүктүрүүдө орус тили кодуланбайт. Шакиев россиялык ЖМКга маек курду