Бишкекте балдар майрамы кантип белгиленди. 15 эсте каларлык ирмем

Бишкектин чок ортосунда Балдарды коргоо күнү белгиленди. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн майрам кандай өткөнүн көрүңүз.
Sputnik
Бишкектин чок ортосу түнгө чейин жабылды. "Ала-Тоо" аянтында эртең менен балдарга арналган фестиваль өттү. Балдарга жана ата-энелерине этнооюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнир, көркөм искусство боюнча мастер-класстар, цирк, аквагрим, ыр, бий жана сүрөт боюнча сынактар тартууланды.
Кечинде "Наристе" фестивалынын катышуучулары менен кыргыз эстрада ырчылары, ошондой эле дүйнөгө белгилүү D Billions YouTube-тобу концерт койду.
Тема боюнча:
Текти сактайм десең уул, улутту сактайм десең кыз тарбияла. Жапаров балдарга кайрылды
1 / 15

Майрамга байланыштуу Бишкектин борбору түнгө чейин жабылды

2 / 15

"Ала-Тоо" аянтында балдарга арналган биринчи фестиваль өттү

3 / 15

Бөбөктөргө арналып жарыш дагы уюштурулду

4 / 15

Балдары менен кошо келген ата-энелер да зериккен жок

5 / 15

Оюндун түрү уюштурулду. Бала телескоптон майрамга көз салууда

6 / 15

Кечинде "Наристе" фестивалынын катышуучулары менен кыргыз эстрада ырчылары, ошондой эле дүйнөгө белгилүү D Billions YouTube-тобу концерт тартуулады

7 / 15

1-июнда дүйнөнүн булуң-бурчунда Балдардын эл аралык коргоо күнү белгиленет

8 / 15

"Ала-Тоо" аянтына балдарын алып келгендер абдан көп болду

9 / 15

Бөбөктөр чүкө атып жатат

10 / 15

Балдардын майрамында күн ачык болду

11 / 15

Этнооюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер болду

12 / 15

Аркан тартышка түшкөн жеткинчектер

13 / 15

Минтип балдар аквагрим дагы койдурушту

14 / 15

Парктагы аттракцион, машиналарга түшүүгө кезекке туруп калып жатышты

15 / 15

Ысыкта фонтандын жанында сергигендер