Бишкектин борбору өзгөчө шаңга бөлөндү. Балдар майрамынан видео

Бишкектин чок ортосунда Балдарды коргоо күнү белгиленип жатат. Майрамдык шаңды Sputnik тарткан видеодон көрүңүз.
Sputnik
Балдарга жана ата-энелерине этнооюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнир, көркөм искусство боюнча мастер-класстар, цирк, аквагрим, ыр, бий жана сүрөт боюнча сынактар тартууланды.
Кечинде "Наристе" фестивалынын катышуучулары менен кыргыз эстрада ырчылары, ошондой эле дүйнөгө белгилүү D Billions YouTube-тобу концерт койду.
Бишкекте балдар майрамы кантип белгиленди. 15 эсте каларлык ирмем