Балбан Дастан Кадыров Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды. Сүрөт

Дүйнөлүк мелдешке жалпы 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Дастан Кадыров Бишкекте өтүп жаткан Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингдик турниринде коло байге утту.
Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк мелдеш Bishkek Arena спорт комплексинде өтүүдө.
Кадыров 63 килограмм салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган. Алгачкы кармашында өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгеге ээ болгон.
Мелдешке жалпы 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Арасында Олимпиаданын жана дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар.
Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешинин толук видеосу