Радио

Психолог: ата-эне баласын эмес, биринчи өзүн тарбиялашы керек

Психолог Шолпан Мамытова ата-энелерди балдарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.
Sputnik
Ата-эненин сүйүүсү жетпей калган учурда бала телефонго берилип кетиши мүмкүн экенин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, психологияда ата-эненин алгач өзүн тарбиялаганы маанилүү.

"Ар бир нерсенин чеги болот. Баланын виртуалдуу жашоого берилип кетишинин бир канча себептери болушу мүмкүн. Бала жөн эле интернет оюндарына берилип кетпейт. Эң биринчи кезекте ата-эненин сүйүүсү, мээрими жана убактысы жетпей калганда бала телефонго кызыга баштайт. Убакыттын өтүшү менен кызыгуусу күч алышы мүмкүн. Бул жерде ата-эненин балага көбүрөөк көңүл бурушу эң башкы ролду ойнойт. Оюнчуктары менен чогуу ойноп, китептерди окуп берип, бала менен бирге убакыт өткөрүү абдан маанилүү. Психологияда ата-эне баласын эмес, алгач өзүн тарбиялашы керек деп айтылат. Анткени балдар укканын эмес көргөнүн жасайт. Ошондуктан ата-энелерди балдары менен чогуу болгон кезде телефон колдонбогонго чакырам", — деди психолог.

Ал ошол эле кезде интернетти максаттуу колдонгон да балдар бар экенин кошумчалады.