БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгү түнгө чейин жабык болот.
Аянтта күндүз элдик майрам болсо, кечинде Балдарды коргоо күнүнө карата концерт өтөт.
Ушу тапта "Ала-Тоо" аянты менен Эски аянт автоунаа кыймылы үчүн жабык.
Мэрия буга чейин балдарга арналган майрам кандай өтөрүн жарыялаган.