2-июнга карата аба ырайы

2-июнда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жумада күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30 жана Ош шаарында +31…+33 градуска жетет.
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: жакынкы күндөрү бензин 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн