Радио

Министрлик Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык үчүн ат салышууга чакырды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы эки жылда бир жолу берилерин айтты.
Sputnik
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 11 номинация боюнча ыйгарылат. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштар үчүн эң жогорку баа — Айтматов сыйлыгы.
"Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 35 жашка чейинки жарандарга эки жылда бир жолу берилип турат. Кошуна мамлекеттерде да ушундай сыйлыктар бар. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жаштары үчүн эң жогорку жана негизги баа — Айтматов сыйлыгы. Албетте, мамлекет жана жеке тараптардан да бир катар наамдар берилип келет, бирок Айтматов сыйлыгынын орду башка. Быйыл мамлекет үчүн кызмат кылып келе жаткан жаштар аталган сыйлыкты алуу үчүн 11 номинация боюнча ат салышмакчы. Сынакка катышууну каалагандар 10-августка чейин документтерин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан Маданият министрлигине тапшырса болот. Атайын түзүлгөн комиссия чыныгы эмгекчил, бул сыйлыкка татыктуу жаштарды тандайт. Сынак ачык жана айкын өтөт", — деди министрдин орун басары.
Ал Кыргызстанда мекенчил жаштар абдан көп экенин кошумчалады.