Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия лидери Москвага пилотсуз учактардын жасаган "сапары" боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Киев режиминин эл жашаган үйлөргө чабуул коюп, Россияны коркутуу жолун тандаганы террордук ишмердүүлүктүн ачык эле белгилери. Бул тууралуу Россиянын лидери Владимир Путин Москва жана Москва облустарына пилотсуз учактардын жасаган "сапары" боюнча комментарийинде белгиледи.
"Москванын абадан жасалган чабуулга каршы турган системасы (ПВО) кадимкисиндей иштеди, канааттандырарлык, бирок жасай турган нерселер да бар. Мындай көйгөйлөр менен Сириядагы Хмеймим аэродромунда да бет келгенбиз. Хмеймим авиабазасынын аймагы менен Европанын эбегейсиз чоң мегаполиси Москваны салыштырууга болбойт. Жалпысынан борбор калаанын ПВОсун кубаттуу кылыш үчүн кандай иштерди жасоо керектиги түшүнүктүү болду", — деди Путин.
Россия лидери мындай кадам менен РФти жооп кылууга түртүү болуп жаткандыгын айтты.
"Кыязы, алар бизди жооп кылган кадамдарга түртүп жатат окшойт. Эмне кылыш керектигин көрөбүз", — деп белгилеген Россия лидери.
Эске салсак, Москвадагы эл жашаган эки үйгө эки дрон келип түшкөн. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын чалгын кызматы башкы бута Путин экенин айтты