БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россия Киевдин Запорожье АЭСине (ЗАЭС) жасаган чабуулуна катуу жооп кайтарат. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия Украинанын ЗАЭСке, анын инфраструктурасынын маанилүү объектилерине, ошондой эле Энергодар шаарына жасаган кандай гана чабуулу болбосун катуу жооп кайтарат", — деди Небензя.
Дипломат ошондой эле МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссинин ЗАЭСтин коопсуздугун камсыздоо боюнча айткан сунуштарына да комментарий берди.
Эскерте кетсек, уюмдун башчысы станциянын аймагынан туруп же аны көздөй, реакторлорго, иштетилген отун сакталган жайга, эмгек жамаатка чабуул жасоону токтотууга чакырган. Ал ЗАЭС залптык ок реактивдүү тутумун, артиллериялык системаларды, ок-дары же танк сактоочу жайга айланбашы керектигин эскертти.
Небензя Россия көрүп жаткан чаралар жогоруда аталган пунктуларга толугу менен жооп берерине токтолду.
"ЗАЭС аймагынан эч качан эч кандай чабуул болгон эмес. Станцияда курал-жарак, ок-дары да, кол салууга пайдаланылчу аскердик персонал да жок", — деди Небензя.
Мындан тышкары, ал Гросси жасаган билдирүүлөрдү эске алып МАГАТЭ эч бир тарапка ыктабай дүйнөнү бир нече ирет өзөктүк согуштун босогосуна алып келген Украинанын аракетин ачык сындайт деген ишенимин билдирди.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде Энергодарга жакын жайгашкан. Бул Европадагы эң ири өзөктүк станция, анда ар биринин кубаттуулугу алты гигаваттка жеткен алты энергоблок бар. Былтыр октябрда Россиянын карамагына өткөн.
Анткен менен Украина күчтөрү Энергодарды жана ага жакын жайгашкан АЭСти улам аткылап келет. Коргоо министри Сергей Шойгу Киев режими мындай кадамы менен өзөктүк апаат тобокелдигин көрсөткүсү келип жатканын бир нече жолу белгилеген. МАГАТЭ ЗАЭСтин айланасында коопсуздук зонасын түзүү зарылдыгын айтып келет.