Радио

Ишкерлерге пайызсыз насыя берилүүдө. Шарты

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков "чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоору аркылуу пайызсыз насыялар берилип жатканын белгиледи.
Sputnik
Ишкерлерди колдоонун алкагында 6 200 ишкерге 4,1 миллиард сомдук көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Руслан Татиков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоорду Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы менен биргеликте ишке ашырууда.
"Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоору 2021-жылдын соңунда башталып, бирок шарттары татаал болгондуктан ишкерлер жардам ала албай келишкен. Алсак, жылдык жүгүртүүсү сегиз миллионго жетпегендер чакан ишкер деп эсептелип, 250 миң сомго чейин, ал эми жылдык айлантуусу 30 миллионго чейинкилер орто бизнес өкүлү катары миллион сомго чейин алмак. Өнөктөштөр менен шарттарын жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашылып, 2022-жылдын февралынан тарта активдүү бериле баштады. Учурда ишкерлерге миллион сомдон 3 миллион сомго чейин кредит алууга мүмкүндүк түзүлдү. 2022-жылдын жыйынтыгы менен 1,7 миллиард сом коммерциялык банктарга бөлүнгөн. Азыркы тапта 6200дөн ашуун ишкер жалпы 4,1 миллиард сомдук жардам алды. Ошондой эле ишкана алты айдан кем эмес иштеп жаткан болушу шарт. Пайызсыз насыя үч жылга, үч айлык жеңилдетилген мөөнөтү менен берилүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, Финансы министрлиги ишкерлер менен түз иш алып барбайт. Ошондуктан ишкерлерге насыя берүү үчүн 11 коммерциялык банк менен келишим түзүлгөн", — деди Татиков.
Ошондой эле ал насыялар белгиленген убакыттан эрте тарап кеткенин кошумчалады.