Финансы секторундагы жаңы тенденцияларды талкуулаган аянтчалар көбөйсө, тажрыйба алмашуу, өнөктөштөрдү табуу, көйгөйлөрдү чечүү жолдору табылат. Бул тууралуу Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, банк тармагы санариптик технологияларды, жасалма интеллектини колдонууда, мобилдик тиркемени иштеп чыгууда маалыматтык коопсуздукка абдан маани бериши керек.
"Дүйнө төртүнчү өнөр жай революциясын баштан кечирүүдө. Демек, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, блокчейн технологиялары, нано-технологияларды колдонуу учурдун талабы. Буга байланыштуу Кыргызстанда жыл сайын Бишкек эл аралык финансылык форуму өтүп, каржы секторундагы жаңы тенденциялар талкууланат. Эгерде мындай аянтчалар көбөйсө, тажрыйба алмашуу, өнөктөштөрдү издөө, көйгөйлөрдү чечүү жолдору табылат. Учурда банк сектору өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө чоң салым кошуп, туруктуу өнүгүп жатат. Бирок санариптик технологияларды, жасалма интеллектини колдонууда, мобилдик тиркемени иштеп чыгууда маалыматтык коопсуздукка абдан маани берүү керек", — деди Абдраев.
Ошондой эле адис банктардагы кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын жакшыртуу керектигин кошумчалады.