Депутат окуучуларга электрондук тамеки сатууга каршы күрөшүү жолдорун сунуштады

Исатбек кызы балдарга электрондук тамеки, вейптер ачык эле сатылып жаткан видеону көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы окуучулардын электрондук тамекиге азгырылып жатканына тынчсызданып, көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.
Ал депутаттарга дүкөндөрдө 18 жашка чыга элек балдарга электрондук тамеки, вейптер ачык эле сатылып жаткан видеону көрсөттү.
"Өзүбүз да эксперимент жүргүзүп көрдүк, өспүрүмдөргө паспортун сурабай эле сатып жатышат. Жакында эле Кызыл-Аскердеги мектепте бир компания акция жүргүзүп, вейпти акысыз таратыптыр. Ошондой эле маркетологдор мунун тамекидей зыяны жок дешет экен. Бирок кандай зыяндуу заттардан жасалары белгисиз, балдарга кандай оору-сыркоолорду алып келерин кудай билет", — деди Исатбек кызы.
Мындан улам ал токтом долбоорун сунуштап, депутаттарды колдоп берүүгө чакырды.
Исатбек кызынын сунушу:
коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдардын аткарылышын күчөтүү;
электрондук тамекилердин сыртына ден соолукка келтирген зыяны тууралуу эскертүүлөрдү жазуу;
чылымдардын бүт баарына акциз салыгын көтөрүү;
ЖМКлардан тамеки тартууну көрсөткөн видеолорду азайтуу;
18 жашка чыга элек балдарга электрондук тамеки сатууга тыюу салган мыйзамдын так аткарылышы боюнча иш алып баруу;
тынымсыз рейддерди жүргүзүп, талапты аткарбаган дүкөндөргө жазаны күчөтүп, айып пулду жогорулатуу.
Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей