Садыр Жапаров Чолпон-Атада аянты 16 га болгон паркты ачты. Видео

Сейил бак президенттин демилгеси менен уюшулду. Бул үчүн № 2 мамлекеттик резиденциянын аймагы бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында аянты 16 гектар болгон парктын ачылуу салтанаты өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сейил бак мамлекет жетекчисинин демилгеси менен уюшулуп, бул максатта № 2 мамлекеттик резиденциянын аймагы бөлүп берилген.
"Парктын аймагында амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Парк Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
1 / 8

Чолпон-Ата шаарында аянты 16 гектар болгон парктын ачылуу салтанаты өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты

2 / 8

Сейил бак мамлекет жетекчисинин демилгеси менен уюшулуп, бул максатта № 2 мамлекеттик резиденциянын аймагы бөлүп берилген

3 / 8

Президент өз сөзүндө бул парк шаар тургундары жана туристтер үчүн фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды жыл бою өткөрө турган жагымдуу жайга айланат деген ишенимин билдирди

4 / 8

Жапаров парк жарым жылдай убакыттын ичинде курулганын жана бул долбоор курулушка туура мамиле кылуу менен мындай объектилерди ачууга болорун дагы бир жолу далилдеп жатканын баса белгиледи

5 / 8

Мамлекет башчысы инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өзгөчө өлкөнүн жыргалчылыгы жана өнүгүүсү үчүн бир нерсе курууну каалаган ата мекендик инвесторлорго жардам берүү керектигине өзгөчө басым жасады

6 / 8

Президент Чолпон-Ата шаарынын аксакалдарына кайрылып, өсүп келе жаткан муунду өздөрүнүн жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонушу үчүн мекенчилдикке тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи

7 / 8

Буга байланыштуу ал туристтик сезондун алдында айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, туристтик объектилердин жагымдуулугун арттыруу үчүн инфраструктурага аяр мамиле кылууга чакырды

8 / 8

Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн бюджеттик каражатты сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө бурду

Президент өз сөзүндө бул парк шаар тургундары жана туристтер үчүн фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды жыл бою өткөрө турган жагымдуу жайга айланат деген ишенимин билдирди. Жапаров парк жарым жылдай убакыттын ичинде курулганын жана бул долбоор курулушка туура мамиле кылуу менен мындай объектилерди ачууга болорун дагы бир жолу далилдеп жатканын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өзгөчө өлкөнүн жыргалчылыгы жана өнүгүүсү үчүн бир нерсе курууну каалаган ата мекендик инвесторлорго жардам берүү керектигине өзгөчө басым жасады.
Президент Чолпон-Ата шаарынын аксакалдарына кайрылып, өсүп келе жаткан муунду өздөрүнүн жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонушу үчүн мекенчилдикке тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу ал туристтик сезондун алдында айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, туристтик объектилердин жагымдуулугун арттыруу үчүн инфраструктурага аяр мамиле кылууга чакырды.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн бюджеттик каражатты сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө бурду.
Ысык-Көл облусуна саркынды суулар тутуму зарыл болуп турат. Акимдин маеги