Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартууну кайра сунуштады. Эмне айып тагылууда?

Кылмыштын курамын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурады. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев билдирди.
Башкы прокурор депутатты жоопко тартууну Жогорку Кеңеште карап берүүнү сунуштаган.
"Регламент боюнча сунуш келгенден кийин парламент 48 сааттын ичинде карашы керек. Андыктан бул боюнча изилдөөчү комиссия түзүү маселесин кезексиз күн тартибине киргизели", — деди Шакиев.
Шакиев башкы прокурор Мадумаровду төмөнкүдөй кылмыштарды жасаганы үчүн жоопко тартууну сурап жатканын билдирди:
Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси — "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү";
36-326-берене — "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү";
338-берененин 3-бөлүгү — "Бийликтен аша чабуу".
Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы же макулдугу менен ыйгарым укуктарынын чектеринен чыккан (ушул Кодекстин 137-беренесинде каралган кыйноолордон башка) же өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо.
Ошондой эле төмөнкүдөй жосундарды жасаганы үчүн:
куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен;
дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;
уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн;
оор залал келтирүү менен.
Белгилей кетсек, былтыр да март айында башкы прокурор Адахан Мадумаровду "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптап, жоопко тартууну сунуштаган. Бирок депутаттык комиссия ага макулдук берген эмес.
Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Спикер Шакиев Мадумаровду эки жүздүү деп атады