Мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан жашыл номер категориясы бир эле кымбат баалуу автоунааларга берилбейт. Аны каалоосу бар ар бир айдоочу ала алат. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жашыл номер алган автотранспортту колдонууда "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу келип түшкөн айып пулдарга да 50 пайыздык жеңилдетүү каралат.
"Жашыл номерди биринчи кезекте электромобилдер ала алат. Учурда 100 чакырымга чейин жүрө алган электромобилдерди 5000 доллардын айланасындагы суммага сатып алса болот. Ошондой эле автоунаасына катализатор коюп, жылына 2000 сомдун тегерегиндеги ОСАГО камсыздандыруу полисин төлөп жүргөн айдоочулар да жашыл номерге ээ боло алат. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, эгер ал өтүп калса, жашыл номер ээлерине шаардагы токтоочу жайлардын баары бекер кызмат көрсөтөт. "Коопсуз шаар" долбоору, айнегин караңгылатуу жана башка автомобилге байланыштуу кызматтарда 50 пайызга чейин жеңилдиктер берилет. Мунун бардыгы өлкөнү ыштан арылтып, экологиясын жакшыртуу максатында көрүлүп жаткан чаралар", — деди Маматалиев.
Эл өкүлү азыркы колдонулуп жаткан автоунаа номерлерине жашыл категориясы киргенин түшүндүргөн белги гана кошуларын маалымдады.