Ысык-Көлдө "Европа биримдиги — Борбордук Азия" саммити өтөт

Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын башчылары жана Европа кеңешинин президенти катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында "Европа биримдиги — Борбордук Азия" саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.
"Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат. Эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа биримдигинин өз ара кызматташуусу боюнча пикир алмашуу болот", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.
Эртеси, 3-июнда, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Анын алкагында Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат.
Жапаров менен ЕАЭБдин лидерлери Москвада эмнени талкуулашты. Сереп