Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлери Белгороддо убактылуу жайгашкан элди аткылады. Каза болгондор бар

Региондун башчысы окуя болгон жерге чыгып кеткенин, кийинчерээк кенен маалымат берерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Украина аскерлери Шебекинск округунун тургундарды убактылуу жайгаштыруучу пунктун аткылады, каза болгондор бар. Бул тууралуу Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Telegram-каналына жазды.

“Бүгүн Украинанын Куралдуу күчтөрү Шебекинск айыл округунан көчүрүлүп убактылуу жайгаштыруучу пунктуда жаткан тургундарды аткылады. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар”, — деди губернатор.

Ошондой эле ал окуя болгон жерге чыгып кеткенин, кийинчерээк кенен маалымат берерин билдирди.
Белгилей кетсек, Украинанын диверсиялык-чалгындоочу тобу 22-майда Белгород облусунун Грайворонский шаардык округуна кол салган. Бир күн бою алар чек аралаш райондорду аткылап, учкучсуз аппараттардан жарылуучу заттарды ыргытышкан.
23-майда РФтин Коргоо министрлиги контртеррордук операция жүргүзүп, улутчул топтордун таш-талканы чыкканын билдирди. Калгандары Украинанын аймагына сүрүлүп, ошондон ары тыптыйпыл болгон. 70тен ашуун украин террорчусу, төрт аскердик ок өтпөс машина жана беш пикап жок кылынды.
Тергөө комитети алты берене боюнча кылмыш ишин козгоду, арасында террорчулук да бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Москвага дрон менен чабуул коюуну террордук акт деп атады