Сеул — Бишкек — Сеул авиакаттамы ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Сеул — Бишкек — Сеул авиакаттамы туруктуу негизде аткарыла баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Маалыматта жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта кореялык T'way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы ташый турганы айтылат.
Каттам бир жумада бир жолу аткарылып турат. Жекшемби күнү учак Бишкекке келип консо, эртеси кайра Сеулга учуп кетет.
Анкара — Бишкек — Анкара багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда