Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Москвага дрон менен чабуул коюуну террордук акт деп атады

Путин Россиянын армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнөн айырмаланып аскердик инфраструктураларга гана сокку уруп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Москвага украин учкучсуз аппараттары менен чабуул коюу — террордук акт. Россия президенти Владимир Путиндин билдирүүсү Кремлдин сайтына жарыяланды.
“Согушту 2014-жылы биз тутандырган жокпуз, киевдик режим Донбасста баштады. Украинанын чоңдору колдонуп жаткан каражаттарды биз колдонбойбуз. Муну Москвадагы жай тургундар жашаган объектилерге чабуул жасаганы көзгө сайып тастыктап турат”, — деди Путин.
Ошондой эле ал Россиянын армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнөн айырмаланып аскердик инфраструктураларга гана таамай сокку уруп жатканын белгиледи. Анын арасында жакында эле сокку жеген Украинанын аскердик чалгындоо штабы бар экенин айтты.
“Киевдик режим турак жайларга сокку уруу менен Россияны, анын жарандарын чочутууга аракет кылуу жолун тандады. Бул, албетте, террордук ишмердүүлүктүн ачык белгиси. Россиянын реакциясын көрүү жана өзүнө окшоп жооп кайтарууга чагым жасоо аракети тынчсыздандырат. Муну Украина эли түшүнүшү керек”, — деди РФ президенти.
Белгилей кетсек, бүгүн, 30-майда, Украина Москвадагы имараттарга учкучсуз аппараттар менен чабуул жасады. Сегиз дрон тартылып, бешөөнү Подмосковьеде зениттик курал комплекси атып түшүргөн, үчөө радиоэлектрондук каражаттар менен иштен чыгарылган. Тергөө комитети террористтик акт тууралуу кылмыш ишин козгоду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын чалгын кызматы башкы бута Путин экенин айтты