Кыргызстанда окуучулар арасында орус тили боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Сынакка өлкө аймактарынан жана чет мамлекеттерден 80ден ашуун адам катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда "Орус тили менин жашоомдо" эссе конкурсунун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Аталган сынак "Биз — мекендештер" фонду тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн 80ден ашуун адам эссе жазып катышты.
1 / 3

Кыргызстанда "Орус тили менин жашоомдо" эссе конкурсунун жыйынтыгы чыкты

2 / 3

Аталган сынак "Биз — мекендештер" фонду тарабынан уюштурулган

3 / 3

Ага Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн 80ден ашуун адам эссе жазып катышты

Жеңүүчүлөр:
Махлиё Нишанбаева — Жалал-Абад облусунун Достук айылындагы Т. Мурсалиев атындагы №42 мектептин 8-классынын окуучусу;
Сезим Жоомартова — Бишкектин И. Панфилов атындагы №6 автордук окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу.
Мындан сырткары, Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жазган сегиз окуучу сынактын лауреаты болду.
Махлиё Нишанбаева Бишкекке алгачкы ирет келип жатат. Конкурстун жеңүүчүсүнүн мугалими Алина Толмачева "Россиялык мугалимдер чет өлкөдө" долбоорунун катышуучусу. Борбор калаага Сузак райондук кеңешинин депутаты Юлия Лилиенталь менен чогуу келген.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана лауреаттарына "Биз — мекендештер" фондунун жана "Раритет" китеп дүкөнүнүн диплом, сыйлыктары тапшырылды.
КР жарандары долбоорлорун Санкт-Петербургда көрсөтө алат. Катышуу акысыз