"Орто-Сай" базарын Бишкектин сыртына көчүрүү керек. Депутаттын сунушу

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов "Орто-Сай" базарын Бишкектин четине көчүрүү боюнча сунушун айтты.
Ал Юнусалиев, Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен жүрүү өтө кыйын болуп калганын, ал аймакта жайгашкан базардын тегерегинде автоунаа токтотуучу жайлар арбып кеткенин белгиледи. Жолго автокөлүктөр 3-4 катар болуп токтогон учурларды айтты.
"Андыктан шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн аталган базарды "Дордой" сыяктуу кылып шаардын сыртына көчүрүү сунушу бар", — деген депутат.
Бишкек жашоого ыңгайлуу болбой калды. Себеби жана абалды оңдоо жолдору. Маек