Москвадагы үйлөргө эки дрон кулады. Жабыркагандар жок

Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев аймакта пилотсуз учкан бир нече аппараттар атып түшүрүлгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Москвадагы эл жашаган эки үйгө эки дрон келип түшүп, бактыга жараша, эч ким жабыркабаганын РИА Новости жазды.
"Аппарат Профсоюзная, 98 дарегиндеги үйдүн жогорку кабаттарына кулаган. Фасад жана айнектер талкаланган. Экинчи дрон Атласов көчөсүндөгү 24 кабаттуу үйгө тийген. Анын үстү жагы, фасады талкаланып, айнектери күбүлгөн", — деп айтып берген тез арада жардам кыла турган кызматтын өкүлү.
Мындан сырткары, РИА Новостинин Красногорскидеги кабарчысы жарылууга окшогон "тарс" эткен үндү укканын айтып берген. Башка журналисттин айтымында, учкучсуз аппарат Ленин проспектисиндеги үйгө түшкөн сыяктуу, себеби ал жерге тез арада жардам көрсөткөн кызмат келип, элди эшикке чыгарып жатат.
Москва мэри Сергей Собянин элди расмий гана маалыматтарга ишенүүгө жана туура эмес кабарларды таратуудан алыс болууга чакырды. Ал дрондордун чабуулунан олуттуу жабыркагандар жоктугун билдирген. Тиешелүү кызматтар келип элди коопсуз жайга чыгарган.
Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев аймакта пилотсуз учкан бир нече аппараттар атып түшүрүлгөнүн айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын чалгын кызматы башкы бута Путин экенин айтты