Москвада балдарды чет өлкөгө алып кетүүнү пландаган украиналык аял кармалды

Ал жетим балдарды бошотулган аймактардан чыгарып кетүү максатында келген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Москвада жаңы региондордон ата-энесинин камкордугу жок балдарды алып чыгып кетүүнү пландаган Украинанын жараны кармалды. Бул тууралуу РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянып жазды.

“Москвада Save Ukraine фондунун (Украина коопсуздук кызматы менен иштешет) тапшырмасы менен Россияга келген Украина жараны кармалды. Ал жетим балдарды бошотулган аймактардан чыгарып кетүүнү пландаган”, — деп айткан агенттикке маектеши.

Январда Россиянын президенти Владимир Путин өкмөткө, балдар омбудсменине жана жергиликтүү бийликке Донецк жана Луганск элдик республикаларында, Запорожье жана Херсон облустарында жашаган жетим балдарды аныктоого тапшырма берген. Аларга ыкчам түрдө мамлекеттик жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү керектигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Москвага дрон менен чабуул коюуну террордук акт деп атады