"Тазалык" ишканасынын башчысы сокулуктуктарга кайрылды

Сокулуктун бир катар айылдарынын жашоочулары Бишкекке таштанды алып келип таштагандыгы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Сокулук районунун жетекчилерине кайрылуу жолдоду. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы мунун себебин түшүндүрдү.
Анда айтылгандай, Бишкек шаарына сырттан кирген адамдар ар кандай таштандыларды алып келип таштап кетишүүдө. Бул "Тазалык" муниципалдык ишканасына ашыкча түйшүк жаратып, кошумча чыгымдарга алып келүүдө.
"Мындан улам Сокулук районуна караштуу айылдардан келген жолдун жээгиндеги урналарга атайын байкоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Орок, Жал, Кашка-Суу, Селекция, Күн-Туу, Достук, Ак-Ордо сыяктуу айылдардын тургундары таштанды алып келип таштап жатканы аныкталган. Бул жогоруда аталган айылдарда тазалык, таштанды чыгаруу иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жөнгө салынбаганын билдирет. "Тазалык" муниципалдык ишканасы бул көйгөйлүү маселени чечүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Неге мынча кайдыгербиз? Жапаров элди тазалыкты сактоого чакырды