Радио

Режиссёр: Кыргызстанда даректүү тасмаларды көбүнчө кыз-келиндер тартат

Режиссёр Марина Сайфидин кызы кинофестивалдардын максаты тууралуу айтты.
Sputnik
Кинофестивалдардын негизги максаты — кино жаратмандарын бири-бири менен тааныштыруу. Мындай пикирин Марина Сайфидин кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биринчи эле катышкан фестивалдан байге алуу өтө чанда кездешет.
"Ооба, фестивалдан алдыңкы орундарды алсаң, албетте, кубанасың. Бирок кинону биринчи эле жиберген фестиваль кабыл алып, режиссёрдун байгелүү орун алышы өтө сейрек кездешет. Кинофестивалдардын негизги максаты — кино жаратмандарын бири-бири менен тааныштыруу, тажрыйба топтоо жана кийинки долбоорлорго демөөрчү табуу. Мындай иш-чаралардын өзгөчө атмосферасы болот жана ага катышкан жагымдуу сезим тартуулайт. Бүгүнкү күндө эл аралык кинофестивалдар абдан көп. Арасында дебюттук фильмдер үчүн да атайын категория каралып келет", — деди режиссёр.
Ал Кыргызстанда даректүү тасмаларды көбүнчө кыз-келиндер тартып жатканын кошумчалады.