Радио

Осмонов: интернетте туура эмес юридикалык маалыматтар көп

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, КРдин эмгек сиңирген юристи Доктурбек Осмонов 1 100 юридикалык түшүнүктү камтыган ири көлөмдөгү укуктук энциклопедия жазылганын айтты.
Sputnik
Калктын укуктук сабаттуулугун жакшыртууга көңүл бурулуп, тиешелүү институттар иш алып барыш керек. Бул тууралуу Доктурбек Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, укуктук түшүнүктөрдү, маанилүү маалыматтарды интернет платформаларына жайгаштырууда юристтер менен IT-адистери биргелешип иш алып барса, элге бир топ жеңил болмок.
"Учурда бардык тармак боюнча интернеттен маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок интернетте чыккан маалыматтын көбү туура эмес. Тилекке каршы, аны эл анализдеп, далилин таап, тууралыгын аныктай албайт. Айрыкча такталбаган, текшерүүдөн өтпөгөн юридикалык түшүнүктөр абдан көп. Андыктан калктын укуктук сабаттуулугун жакшыртууга көңүл бурулуп, тиешелүү институттар иш алып барышы керек. Мындан тышкары, укуктук түшүнүктөрдү, маанилүү маалыматтарды интернет платформаларына жайгаштырууда юристтер менен IT-адистери биргелешип иш алып барса, элге бир топ жеңил болмок", — деди Осмонов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда 1 100 юридикалык түшүнүктү камтыган ири көлөмдөгү укуктук энциклопедия жазылганын кошумчалады.