Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

G7 Зеленский үчүн "коопсуздук кепилдигин" жашыруун даярдап жатат

Азыркы шарттан алып караганда АКШ бийлиги үчүн Украинадагы чатактын тез бүтүп калышы ыңгайлуу болуп турат. Себеби бул Байденге Трамп менен шайлоо атаандаштыгында кадимкидей тоскоолдук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Чоң жетиликтин мамлекеттери Украина президенти Владимир Зеленскийге Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну тездетүүгө көндүрө алган саясий кепилдик даярдап жатат. Бул тууралуу RT кабарлады.
Мунун ордуна Батыш ага Евробиримдикке кирүүгө сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берет деген өңүттө италиялык la Repubblica басылмасы материал жарыялаган.
АКШ менен Евробиримдиктин глобалдуу түштүк мамлекеттерине "талаптарын жумшартып" жана "кабыл алына тургандай кылышы" үчүн Зеленскийге басым жасап жатканы айтылган.
Азыркы шарттан алып караганда АКШ бийлиги үчүн Украинадагы чатактын тез бүтүп калышы ыңгайлуу болуп турат. Себеби бул Жозеф Байденге президенттик шайлоодо, Дональд Трамп менен атаандаштыкта кадимкидей эле тоскоолдук болот.
Аны менен катар эле саясий, финансылык жана аскердик ресурстары аягына чыгып бара жаткан Франция, Германия жана Италиянын өкмөттөрү Киев менен өз ара мамиледе болуш үчүн шайлоочуларынын колдоосуна канчага чейин ээ болуп турушарын так айта албайт.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украинанын башында Зеленский турган азыркы бийлик менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин айтты.
Байден Украинанын эгемендүүлүгүнө кепилдик бере турган украин чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактай турганын белгилеген.
Россия ТИМи тынчтыкты орнотуучу шарттардын бири — декларацияда Украинанын мамлекеттик эгемендүүлүгү туурасында жазылган блоктон эркин нейтралдуу макамына кайтып келиши экенин айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: украиналык саясатчылар сүйлөшүү жүргүзүүгө жөндөмсүз болуп чыкты