"D Billions" менен жолуккан Акылбек Жапаров топко Ардак грамота тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы "D Billions" чыгармачыл тобунун демилгелерин ар тараптуу колдоого убада кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Spunik. Интернет айдыңында кичинекей балдар арасында белгилүү болуп, миллиарддаган жаш көрүүчүлөрдү топтогон кыргызстандык "D Billions" чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жолукту.
Өкмөт башчы "D Billions" тобун Кыргызстандын эң чоң сыймыгы деген.
Топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, аткаруучулар — Бактыбек Исманалиев - Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек — Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков — Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина, Векуа — Ляля (Lya-Lya).
1 / 4

Интернет айдыңында кичинекей балдар арасында белгилүү болуп, миллиарддаган жаш көрүүчүлөрдү топтогон кыргызстандык "D Billions" чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жолукту

2 / 4

Өкмөт башчы "D Billions" тобун Кыргызстандын эң чоң сыймыгы деген

3 / 4

Топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, аткаруучулар — Бактыбек Исманалиев - Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек — Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков — Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина, Векуа — Ляля (Lya-Lya)

4 / 4

"D Billions" командасынын мүчөлөрү Акылбек Жапаровго Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти

"Дүйнөдө балдар Чики, Ча-Ча, Бум-Бум жана Лялянын жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетишип, чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды, азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет — бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү", — деди Акылбек Жапаров.
"D Billions" командасынын мүчөлөрү Акылбек Жапаровго Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле алдыдагы чыгармачылык пландары менен бөлүштү.
Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров "Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн" "D Billions" командасын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады. Минкаб башчысы чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоого убада кылды.
Маалымат үчүн:
"D Billions" – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет. Англис тилдүү "D Billions" каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентин чыгарат жана айына 400дөн ашуун тасмаларды (роликтерди) көрүүчүлөргө тартуулайт.
D Billions командасы балдар үчүн кыргыз тилинде видеолорду даярдай баштады