БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 2-3-июнь күндөрү Балыкчы — Чолпон-Ата жолуна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул 2-3-июнь күндөрү боло турган мамлекеттик ири иш-чаралардан улам боло турганы айтылды.
"Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушуусу учурунда чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү мезгилинде Балыкчы — Чолпон-Ата жолуна маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат", — деп түшүндүргөн ЖКККББдан.
Милиция бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунааларды калтырбоону өтүнгөн. Андан сырткары оор жүк ташуучу автоунаалар менен өтө зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга, жалпы айдоочулардан автоинспекторлордун талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырган.
Эске салсак, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында "Европа биримдиги — Борбордук Азия" саммити өтөт. Ага Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышат. 3-июнда Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Анын алкагында Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.