УКМКнын жаңы имаратынын курулушу башталды. Сүрөт

Жаңы имаратты куруу менен УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин иштешине тиешелүү шарттарды түзүп берүү максаты коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Борбор калаада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы административдик имаратынын капсуласы салынды. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлады.
1 / 4

Борбор калаада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы административдик имаратынын капсуласы салынды

2 / 4

Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан

3 / 4

Жаңы имараттын УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин иштешине тиешелүү зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн курулуп жатканы айтылды

4 / 4

Аталган ведомствонун жетекчиси Камчыбек Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн сапаты жогорулай турганын белгилеген

Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан.
Жаңы имараттын УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин иштешине тиешелүү зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн курулуп жатканы айтылды.
Аталган ведомствонун жетекчиси Камчыбек Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн сапаты жогорулай турганын белгилеген.
УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды. Сүрөт