Сузакта петардадан окуучунун бети күйүп калды. Эки жетекчи иштен алынды

Буга чейин ушул эле мектепте өспүрүм кызды башка окуучунун алдында тизелетип кечирим сураткан окуя да катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жалал-Абадга караган Сузак районундагы №16 мектепте петардадан окуучунун бети күйүп калды.
Окуя акыркы коңгуроо салтанаты учурунда болгон. 7-класстын окуучусу ооруканага жеткирилди. Туугандарынын айтымында, баланын көзү жабыркаган. Билим берүү жана илим министрлиги окуя кандайча болгонун айтып берди.
"Мектептин алдына бүтүрүүчүлөр чыгып жаткан. 11-класстын окуучусу А.Ж. пиротехниканы күйгүзүүгө даярданып жаткан маалда жанына 7-класстын окуучусу келген, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада бети күйүп калган. Учурда бала облустук ооруканада, абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мектеп директорунун милдетин убактылуу аткарып жаткан жетекчи жана анын тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан алынганын билдирди.
Эскерте кетсек, майдын ортосунда ушул эле мектепте өспүрүм кызды башка окуучунун алдында тизелетип кечирим сураткан окуя да катталган.
Президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду