Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин аскердик абал жарыяланган аймакта шайлоо өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Аскердик абал ДЭР жана ЛЭРде, Запорожье менен Херсон облустарында 2022-жылдын 20-октябрында киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Владимир Путин аскердик абал өкүм сүрүп жаткан региондо шайлоо жана референдум өткөрүүгө жол берген мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалымат порталына жарыяланды.
Бул субъектилерде шайлоо өткөрүү боюнча соңку чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Коргоо министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы менен кеңешкенден кийин кабыл алат.
Шайлоо менен референдум аскердик абал киргизилген аймактын баарында жана анын бөлүктөрүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр сентябрь айында Россиянын жаңы аймактарында шайлоо өткөрүп, бийлик органдары менен муниципалдык түзүлүштөрдүн өкүлчүлүк органдарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Аскердик абал ДЭР жана ЛЭРде, Запорожье менен Херсон облустарында 2022-жылдын 20-октябрында киргизилген.
Зеленский Иранга каршы 50 жыл санкция киргизүүнү сунуштады