Путин РФ менен КРдин Абадан коргонуучу тутумун түзүү мыйзамына кол койду

Документке ылайык, Кыргызстан Россияга 5 гектар жерди убактылуу колдонууга берет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Владимир Путин Россия менен Кыргызстандын Абадан коргонуучу биргелешкен аймактык системасын түзүү боюнча келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Республика Россияга документ иштей турган мөөнөт аралыгына акысыз 5 гектар жерди убактылуу колдонууга берет", — деп айтылат документте.
23-май күнү Мамлекеттик дума бул мыйзамды ратификациялаган. Документ жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия аймагындагы аба мейкиндигинде эки өлкөнүн чек арасын коргоо маселелерин жөнгө салат, ошондой эле кызматтык милдеттерди биргелешип аткарууда абадан коргонуу күчтөрүн колдонуунун тартибин бекитет.
Абадан коргонуучу биргелешкен аймактык системасынын бирдиктүү аракеттеринин координациясын Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысы жүргүзөт.
Буга чейин РФ өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашууну президент Владимир Путиндин кароосуна киргизген. Андан соң документ Мамлекеттик думага жөнөтүлгөн.
Путин ЕАЭБ башчылары менен жолукканда эмнелерди сунуштады