Өзбекстанга аткезчилик менен товар жөнөтүү фактысы дрон менен тартып алынды. Видео

Аксы РИИБинин үч кызматкерине, РИИБ жетекчисинин орун басарына жана чек ара заставаларынын үч командирине айып тагылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Аксы РИИБ менен Чек ара кызматынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Алар Өзбекстанга товарларды аткезчилик жол менен өткөрүүгө шектелип жатат.
Ыкчам топ Чек ара заставалары, милиционерлердин жашаган жери менен иштеген жери тинтүүгө алынып, ири суммадагы акча, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, жөнөтүүгө даярдалган товар жана бодо мал табылган.
Чек ара кызматынын дрондорунун жардамы менен контрабандалык товарды машина менен алып өтүү аракети аныкталган. Автоунаада 1,2 миллион сомдук тамеки продукциясы болгон.
Аксы РИИБинин үч кызматкерине, РИИБ жетекчисинин орун басарына жана чек ара заставаларынын үч командирине айып тагылды.
Мындан тышкары, Аксы районунун аймагында контрабанданын өнүгүшүнө жол бербөө максатында УКМК тарабынан коңшу Ала-Бука районундагы "Баймак" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жөнөкөйлөтүлгөн ишин уюштуруу маселеси көтөрүлүүдө.
УКМК Баткенде контрабандалык жүк ташыган унааларды конфискациялап жатат