ОшМУда Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды. Сүрөт

Борбордо үч багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программалары ишке ашат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Борбордун ачылыш аземине Россиянын билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский баштаган расмий делегация, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, ЖОЖ ректорлору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышкан.
1 / 4

Ош мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды

2 / 4

Борбордун ачылыш аземине Россиянын билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский баштаган расмий делегация, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, ЖОЖ ректорлору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышкан

3 / 4

Могилевский бул борбор кыргыз-орус билим берүү жаатындагы мамилесинин өнүгүшүнө өзгөчө импульс берип, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун арасындагы кызматташтыкты бекемдей тургандыгын белгилеген

4 / 4

Ал эми Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий онлайн кайрылуу жасаган

Могилевский бул борбор кыргыз-орус билим берүү жаатындагы мамилесинин өнүгүшүнө өзгөчө импульс берип, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун арасындагы кызматташтыкты бекемдей тургандыгын белгилеген. Ал эми Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий онлайн кайрылуу жасаган.
"Ломоносов" борборунда үч багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программалары ишке ашат. Алар туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика багыты боюнча магистратура программалары. Студенттер 1-2-курсунда ОшМУда, 3-4-курста Москва мамлекеттик университетинен билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат. Башкача айтканда, борбор МГУнун Кыргызстандагы филиалы катары кызмат кылып, жаңы кызматташтыктардын ишке ашуусуна шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Ломоносов атындагы борбордун ачылышы тууралуу келишимге эки окуу жайдын жетекчилери 2023-жылдын 3-мартында Москвада өткөн Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV конгрессинин алкагында кол койгон.
Муну менен катар Кыргызстанда эки өлкөнүн ЖОЖ ректорлорунун III форумун өткөрүү маселелери талкууланган.
Учурда ОшМУ Россиянын 70тен ашуун жогорку окуу жайы менен кызматташат.
Астанадагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы ачылды. Сүрөт