Оштогу түнкү клубдан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео

Кылмыш иши Ош ШИИБдин Сулайман тоо милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Оштогу түнкү клубдан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, колго түшкөндөр 2022-жылы Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургунунун 2020-жылы чыккан Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү автомашинасын Жалал-Абад шаарынан тартып алып, Ош шаарынан башка адамга сатып жиберишкен.
ИИМдин Ош шаарындагы аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери 1981-жылы туулган М.У. (каймана аты "Казак") жана анын кылмыштуу шериги, Кара-Суу районунун 1978-жылы туулган тургуну Ж.А. кармалды. Экөө теӊ мурда бир нече ирет соттолгон.
Шектүүлөр Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубунан колго түшкөн.
Кылмыш иши Ош ШИИБдин Сулайман тоо милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Кылмыш кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Радио
Кулукеева: РФтеги эмгек мигранттарын жеңил акчага азгырылбоого чакырабыз