БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Нарында кийинки жумада аба ырайы кандай болору белгилүү болду.
Кыргызгидрометтин божомолунда 29-майдан 4-июнга чейин айрым аймактарда күндүзгү убакта жаан-чачын жаайт. Бирок түнкүсүн асман ачык болот.
Абанын температурасы дыйканчылык аймактарда +20… +25 градуска жетет.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 29-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.