Радио

ӨКМ өкүлү: сууга түшкөнү барганда баланы өзгөчө сактык менен кароо керек

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы, майор Улукбек Көркөмбаев сууга түшүү эрежелерин айтты.
Sputnik
Сууга түшүү үчүн күндүн табы 20-23 градус, ал эми суунун температурасы 17-19 градустан төмөн болбошу керек. Бул тууралуу Улукбек Көркөмбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эс алууга барган кезде өзгөчө жаш балдарга көңүл буруу кажет.
"Сууга түшүп жатканда эң башкысы — жаш балдарды көзөмөлдөө шарт. Алар көп учурда бири-бирин жулкулдатып, түртүп, тартып ойношот. Ошондой эле жээктен алыс да кетип калышат. Бул — сууга чөгүү кооптуулугун жаратат. Андыктан эс алууга барганда өзгөчө жаш балдарга көңүл буруп, аларды көзөмөлдөө маанилүү. Андан кийин аба ырайынын таасири чоң роль ойнойт. Сууга түшүү үчүн күндүн табы 20-23 градус, ал эми суунун температурасы 17-19 градустан төмөн болбошу керек. Эгерде суу муздак болсо тарамыш түйүлүп, суудан чыга албай калуу коркунучу жаралат. Мындан сырткары, эс алуучуларды мас болуп сууга кирбегенге чакырам", — деди ӨКМ өкүлү.
Көркөмбаев ошондой эле балырлуу жана ылай көлмөлөргө түшпөө керектигин кошумчалады.