Радио

Экономист Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун пайдасын тизмектеди

Экономист Улукман Мамытов Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөгө кандай артыкчылыктарды берерин санады.
Sputnik
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп аяктаганча өндүрүштү жолго коюу керектигин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан https://sputnik.kg/Radio/ радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, товарларды экспортко чыгарууда бир гана органикага басым жасалбашы керек.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун транзит катары колдонуу пайдасыз. Ошондуктан анын курулушу аяктаганча өлкөдөгү өндүрүштү жолго коюу зарыл. Өзбекстанда, Кытайда массалык өндүрүш жакшы өнүккөн, алардын товарларынын өздүк наркы салыштырмалуу төмөн болот. Ошондуктан рынокту анализдеп, эмне өндүрүп жана кайда экспорттой турганыбызды чечип, комплекстүү иш жүргүзүү зарыл. Анткени ал темир жолдун пайда алып келе турган багыттары көп. Алсак, инфраструктура түзүлөт, жолдор курулат, Тогуз-Тородо жүктөй турган пункт ишке берилет. Ал жерде айдоочулар, товар ташуучулар, ишкерлер үчүн мейманкана, тамактануучу жай жана башка жайгашат. Мындан тышкары, логистикалык мүмкүнчүлүктөр кеңейип, жергиликтүү эл үчүн иш орундары түзүлөт. Товарды ташып келүүдө логистикалык чыгымдар азайып, товардын өздүк наркы болжол менен эки эсе төмөндөшү ыктымал. Ошондой эле, албетте, транзиттик киреше деле аз болбойт" — деди Мамытов.
Экономист бул жол негизинен Түштүк Азия менен сооданы жакшыртууга мерчемделгенин кошумчалады.