Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Кара-Суу", "Кара-Багыш" бекеттери ачылат

Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстан менен чектешкен аймакта тоскон чек ара дубалдарын бузуп жаткан видео тарады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасынын "Бек-Абад", "Кара-Суу" жана "Кара-Багыш" өткөрүү пунктулары ачылат. Бул туурасында Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бекеттер 2010-жылдан кийин Өзбекстандын демилгеси менен бир тараптуу жабылып турган.
"Кыргыз тарап чек ара өткөрмө пунктуларын жандандырууга толугу менен даяр, учурда өзбек тарапты күтүп жатабыз. Бул туурасында эки өлкө ортосунда өкмөттүк деңгээлде макулдашылган. Жакынкы күндөрү ачылышы болору пландалууда. Мындай иштер Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына кирип-чыгуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат", — деп билдирди Чек ара кызматы.
"Бек-Абад" өткөрмө пункту аркылуу Жалал-Абад облусунан Өзбекстандын Анжиян облусуна өтүүгө шарт түзүлөт. Ал эми "Кара-Суу" жана "Кара-Багыш" бекеттери Ош облусунда жайгашкан.
Ошол эле учурда социалдык тармактарда Өзбекстандын чек арачылары атайын техника менен Кыргызстан менен чектешкен аймакта тоскон чек ара дубалдарын бузуп жаткан видео тарады.
Баткенде жаңы курулган "Ак-Талаа", "Максат" чек ара заставалары ачылды. Сүрөт