Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Горловкага келип түшкөн снаряддар эки адамды жарадар кылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Украиналык армия кечээ ДЭРдеги эл көп жайгашкан Горловка районун аткылап, анын кесепетинен эки адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып, видеосун жарыялады.
Кадрдан талкаланган үйдүн дубалдарын жана колунан жаракат алган кишини көрүүгө болот. Түтүктөр иштен чыккан.
Горловка Донецкинин түндүк жагында жайгашкан. Шаарда "Стирол" деп аталган химиялык концерн жана көмүр казган ишкана бар. Бул ДЭРдеги эл көп жайгашкан калаалардын бири. Донбасстагы чатак башталганга чейин Горловканын калкынын саны 250 миңге чамалап барган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк: журналисттер иштеп жатканда аткылоо кайрадан кайталанды. Видео