Эрдоган Путин сунуштаган "газ хабы" боюнча долбоорду ишке ашырууну убада кылды

Россия менен Түркиянын лидерлери былтыр октябрда Түркияда газ хабын түзүү боюнча маселени майда-чүйдөсүнө чейин тыкыр карап чыгууга тиешелүү тараптарга тапшырма беришкен. Зыянга учураган "Түндүк агымдан" бул жол менен көгүлтүр от жөнөтүүгө болорун айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Режеп Тайип Эрдоган мурдараак Владимир Путин сунуштаган газ хабы" боюнча долбоорду ишке ашырууну убада кылганын РИА Новости жазды.
"Өнүктүрүүнүн негизги инфраструктурасы болгон транспорт, энергетика тармагындагы инвестицияларды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып, Түркиянын позициясын мындан ары да бекемдейбиз. Путин мырза өзүнүн куттуктоосунда Түркия, Фракия "газ хабы" болорун айтты. Бул кадамды биз алар менен биргеликте жасайбыз. Фракия борбор болот", — деген Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи турундагы жеңиштен кийин өзүнүн резиденциясында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.
Түркиянын Жаратылыш ресурстары жана энергетика министри Фатих Донмез Россия Түркияга сунуштаган газ хабы долбоору аркылуу көгүлтүр отту сатуу жана сатып алуу операцияларын 2024-жылы баштоо пландалып жатканын билдирди.
Ал мурдараак Түркияда апрелдин башында РФ сунуштаган газ долбоору боюнча мыйзамдарга түзөтүү киргизүү процесси башталып, ага Эрдогандын кол коюшу күтүлүп жаткандыгын билдирген эле. Министрдин айтымына караганда, Европалык бир катар мамлекеттер, анын ичинде Венгрия менен Сербия аталган хаб аркылуу газ алууга кызыкдар.
Россия менен Түркиянын лидерлери былтыр октябрда Түркияда газ хабын түзүү боюнча маселени майда-чүйдөсүнө чейин тыкыр карап чыгууга тиешелүү тараптарга тапшырма беришкен. Зыянга учураган "Түндүк агымдан" бул аркылуу көгүлтүр от жөнөтүүгө болорун айтышкан.
РФтин вице-премьери Александр Новак кеп Түркияда соода аянтчасын түзүү жөнүндө гана эмес, түштүк багытында инфраструктураны алдыга жылдырып, газ сатуу иштерин өркүндөтүү туурасында болуп жатканын белгилеген эле. Өкмөттүн жетекчисинин орун басарынын айтымына караганда, буга Алжир, Катар жана Азербайжан да катыша алат.
Россия менен Түркиянын дымактуу долбоору Европаны чочутууда. Сереп