ЕАЭБдин 9 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар мерчемделүүдө. Бул тууралуу Нурсултан Мукаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы 29-майда ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге кол коюлган.
"Жыл сайын 29-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин күнү белгиленет. Мындай чечим 2022-жылы майда Кыргызстанда өткөн иш-чарада президент Садыр Жапаровдун сунушу менен кабыл алынган. 2014-жылы дал ушул күнү ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Анын алкагында мамлекеттик органдарда бизнес коомчулугу менен жолугушуулар өтөт. Анда ишкерлерди түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча талкуулар уюштурулат. Мындан тышкары, ЕАЭБде иш алып баруу багытында сыйлыктар ыйгарылып, 9 жыл ичиндеги жыйынтык боюнча маалымат берилет. Ошондой эле эмдиги жылы уюмдун түзүлгөнүнө 10 жыл болот. Аны белгилөө максатында бир катар иш-чаралардын планы бекитилип, мекемелер арасында даярдыктар көрүлүүдө. Коомчулукка ушул аралыктагы жетишкендиктер боюнча маалымат берүү мерчемделүүдө", — деди Мукаев.
Ошондой эле ал ЕАЭБ түзүлгөндөн тартып нормативдик база түзүлүп калганын кошумчалады.