ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочулары кандай артыкчылыкка ээ? Видеоинфографика

Акыркы беш жылда Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдө ИДП 35 пайызга, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 31 пайызга өскөн. Биз ЕАЭБдин жашоочуларынын жашоосу дагы кандай өзгөргөнүнө баам салдык.
Sputnik
Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийин өлкөнүн жарандары кандай артыкчылыктарга ээ болгонун Sputnik Кыргызстандын видеоинфографикасынан кыска-нуска түшүнө аласыздар.
Евразиялык экономикалык биримдик — дүйнөдөгү маанилүү эл аралык уюмдардын бири. Анын аянты — 20 миллион чарчы метрден ашат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет.
Бирикменин максаты — 4 эркиндикти камсыздоо: товарлардын эркин жүрүшүн, кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле бардык беш мамлекеттин аймагын капитал жана жумушчу күч менен камсыздоо. Союзга кирген мамлекеттердин эли эркин саякаттап, пенсия жана ыкчам медициналык жардам ала алышат, ал эми балдары бала бакчаларга жана мектептерге кире алат. Жумушка кирүү үчүн патент же уруксат алуунун кереги жок, ал эми салыктар жергиликтүү элдикинен айырмаланбайт.
Бул убакытта айлык акы Беларуста 31 пайыз, Кыргызстанда 32, Россияда 36, Казакстанда 41, Арменияда 51 пайызга көбөйгөн.
Тема боюнча:
ЕАЭБге 10 жыл толду. Пландалган иш-чаралар