Радио

Нурматов: экосистеманы коргоо менен гана келечектеги пандемияны алдын алабыз

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун  Вирустарды көзөмөлдөө  илимий-практикалык борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов жаратылыштагы тынымсыз эволюциядан коркпой, илими изилдөө иштерин күчөтүүнү айтты.
Sputnik
Кол тийбеген экосистеманы коргоо менен гана келечектеги пандемияларды алдын алабыз. Жапайы жаратылыштын абалы жана адамзатынын ага болгон мамилеси жаӊы вирустардын пайда болушуна түздөн-түз көз каранды. Ошол эле коронавирус кандайча ортого чыкканын эсиӊиздерге салам. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ал, окумуштуулардын айтуусуна караганда, дүйнө жүзү боюнча 2800 жаӊы вирустардын штаммдары пайда болорун билдирди.
"Вирус адамдын организмине кирип, ал кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болбой калса, анда ал чоӊ кооптуулук жаратат. Азыркы учурда жаӊы вирустардын баары өзгөрүүгө туш болуп, эволюциялык процесс жүрүп жатат. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, дүйнө жүзү боюнча 2800 жаӊы вирустардын штаммдары пайда болот. Ошолордун арасынан эки-үчөө гана адамзатына кооптуулук жаратып, оор илдеттерди пайда кылышы мүмкүн. SARS-CoV-2 вирусунун тарыхын карай турган болсок, ал жаратылышта пайда болуп, адамдын организмине кирип ыӊгайлашып, анан ооруну чакырды. Азыр вируска каршы антитело пайда болуп калды. Мындан ары жашап калуу үчүн вирус мутация боло берет. Жакында эле ДССУ COVID-19 пандемиясы токтогонун жарыялады. Ал эми дүйнөдө COVID-19дан күчтүү кооптуулук жараларын эскертти жана уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус жалпы дүйнө коомчулугун бул кооптуулукка жамааттык жооп кылууга чакырды. Мындай божомол, эскертүүнү уюм дайыма эле айтып келген. Бул — алардын милдети. Билдирүү "Жаӊы вирус пайда болду, ооругандардын саны июнь-июлда өсөт" дегенди билдирбейт. Кийинки пандемия балким, бир жылдан же 10, 20 жылдан кийин болушу мүмкүн. Аны так божомолдоп айтуу мүмкүн эмес. Андыктан биз кооптуулукка болгону даярдык көрүп, илимий-изилдөө иштерин күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн бардык шарттар бар. Себеби коронавирус кийинки пандемия үчүн чоӊ даярдык, сабак болду", — деди Нурматов.
Адис учурда илим вируска каршы вакцинаны бир жылда иштеп чыга ала тургандай деӊгээлге жеткенин кошумчалады.